Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Росатом» атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында аз кубаттуу атомдук станцияны (АКАС) куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин иштеп чыгуунун алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө жол картанын долбооруна макулдук берүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 27-сентябры № 513-т Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен "Росатом" атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында аз кубаттуу атомдук станцияны (АКАС) куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин иштеп чыгуунун алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө жол картанын тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен "Росатом" атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында аз кубаттуу атомдук станцияны (АКАС) куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин иштеп чыгуунун алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө ЖОЛ КАРТАСЫ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен "Росатом" атомдук энергетика боюнча мамлекеттик корпорациясы (Россия Федерациясы) 2022-жылдын 20-январындагы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен "Росатом" атомдук энергетика боюнча мамлекеттик корпорациясынын (Россия Федерациясы) ортосундагы аз кубаттуу атомдук электр станцияларын курууда кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду эске алып, Кыргыз Республикасынын аймагында аз кубаттуу атомдук станцияны (АКАС) куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин иштеп чыгуунун алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө ушул жол картага (мындан ары - Жол карта) кол коюшту. Бул Жол карта Тараптардын ортосунда жетишилген өз ара түшүнүшүүнүн билдирүүсү болуп саналат жана ага кол койгон Тараптарды кандайдыр бир юридикалык, финансылык же башка милдеттенмелерге алып келбейт. Бул Жол карта эл аралык келишим болуп саналбайт жана эл аралык же улуттук укук менен жөнгө салынган укуктарды жана милдеттерди түзбөйт. Жол картада көрсөтүлгөн мөөнөттөр индикативдик болуп саналат жана Тараптардын ички мамлекеттик жол-жоболорунан өтүү зарылдыгына жараша Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча түзөтүлүшү мүмкүн.
№ п/п
Иш-чаранын мазмуну
Россия тараптан жооптуу аткаруучулар
Кыргыз тараптан жооптуу аткаруучулар
Аткаруу мөөнөттөрү
Эскертүү
1
Кыргыз Республикасынын аймагында АКАС курулушу
1.1
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине Кыргыз Республикасынын аймагында аз кубаттуу атомдук станцияны (АКАС) куруу долбоорун ишке ашыруу ыйгарым укугун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин макулдугун алуу
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
2022-жылдын октябрынын аягына чейин
1.2
Кыргыз Республикасынын аймагында АКАС куруу маселеси боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2022-жылдын октябрынын аягына чейин
1.3
Кыргыз Республикасынын аймагында АКАС куруу долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин ишке ашыруу үчүн техникалык тапшырмаларды даярдоо жана бекитүү
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2022-жылдын октябрынын аягына чейин
1.4
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК жана "Русатом энерджи проджектс" КБ ортосунда купуялуулук жөнүндө макулдашууну даярдоо жана кол коюу
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча)
2022-жылдын октябрынын аягына чейин
1.5
Кыргыз эксперттеринин жана кызыкдар тараптардын "Росатом" мамкорпорациясынын атомдук энергия объекттерине баруусун уюштуруу
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2022-жылдын декабрынын аягына чейин
1.6
Кыргыз Республикасынын аймагында АКАС куруу долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин жүргүзүү
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2023-жылдын апрелинин аягына чейин
1.7
АКАСты куруу долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесинин жыйынтыктарын талдоо
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2023-жылдын июлунун аягына чейин
Талдоолордун жыйынтыктары боюнча кыргыз тарап долбоор боюнча мындан аркы кадамдары, анын ичинде, долбоорду ишке ашыруу боюнча Өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу жөнүндө чечим кабыл алат
1.8
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында АКАС куруу долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Парламенттин) кароосуна киргизүү
"Росатом" Мамкорпорациясы АКАСты куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоодо Кыргызстандын ыйгарым укуктуу уюмуна көмөк көрсөтүү бөлүгүндө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2023-жылдын сентябрынын аягына чейин
1.9
Кыргыз Республикасынын аймагында АКАС долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Өкмөттөр аралык макулдашууну белгиленген тартипте кол коюуга даярдоо
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2023-жылдын декабрынын аягына чейин
2
Ядролук инфратүзүмдү өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын атомдук тармагы үчүн кадрларды даярдоо жана Кыргыз Республикасында атомдук энергиянын коомдук алгылыктуулугун жогорулатуу жаатында кызматташуу
2.1
Кыргыз Республикасынын аймагында АКАС долбоорунун керектөөлөрүнө карата ядролук инфратүзүмдү баалоо жана өнүктүрүү маселелерине арналган маалыматтык семинар өткөрүү
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2022-жылдын ноябрынын аягына чейин
2.2
Кыргыз Республикасынын ядролук инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүү
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2022-жылдын декабрынын аягына чейин
2.3
Ядролук энергетиканы киргизүү максатында МАГАТЭнин улуттук инфратүзүмүн баалоо миссиясынын 1-фазасы үчүн улуттук ядролук инфратүзүмдү баалоону алдын ала техникалык-экономикалык негиздеменин алкаганда жүргүзүү
"Росатом" мамкорпорациясы
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2023-жылдын мартынын аягына чейин
2.4
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен "Росатом" мамкорпорациясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын ядролук инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планын даярдоо жана макулдашуу
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2023-жылдын июнунун аягына чейин
2.5
Кыргыз Республикасынын атомдук тармагы үчүн кадрларды даярдоо боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2022-жылдын ноябрынын аягына чейин
2.6
Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өлкөнүн кадрларды даярдоо планын иштеп чыгуу жана макулдашуу жана атомдук энергетика чөйрөсүндө кадрларды окутуу жана даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2023-жылдын майынын аягына чейин
2.7
Атомдук энергетика долбоорлорунун коомчулукка алгылыктуулугун камсыздоо боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2022-жылдын октябрынын аягына чейин
2.8
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, тармактык ведомстволордун жана эксперттик коомчулуктун уюмдарынын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери үчүн атомдук энергетикалык долбоорлорду коммуникациялык коштоо боюнча биргелешкен семинарды өткөрүү
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2022-жылдын декабрынын аягына чейин
2.9
Кыргыз Республикасынын атомдук энергетикасын өнүктүрүүгө коомдук колдоону камсыздоо боюнча биргелешкен коммуникациялык планды иштеп чыгуу жана кол коюу
"Росатом" мамкорпорациясы жана ыйгарым укуктуу уюмдар
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана ыйгарым укуктуу уюмдар
2023-жылдын мартынын аягына чейин
Тараптар ушул Жол картанын негизинде өз ара аракеттенүүдө орус тилин колдонушат. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Жол картага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, өзүнчө протоколдор менен таризделет.
Бишкек шаарында 2022-жылдын "___" ____________ эки түп нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тең бирдей аутенттүү.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги үчүн
"Росатом" мамлекеттик атомдук энергия корпорациясы үчүн (Россия Федерациясы)
____________________________________
____________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8