Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Жаңы «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана бул мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу үчүн мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын тескемеси 2022-жылдын 22-сентябры № 628 Банкроттук (кудуретсиздик) институтунун ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Жаңы "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана бул мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу үчүн мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2022-жылдын 31-октябрына чейинки мөөнөттө жаңы "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, бул мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу үчүн мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун даярдасын жана аларды белгиленген тартипте илгерилетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ өзүнүн ишине белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды (макулдашуу боюнча) тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
Жаңы "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана бул мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу үчүн мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич
-
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Аскарова Зарема Аликовна
-
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Календеров Улугбек Ибраимович
-
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Мамбеткадыров Айдарбек Абдыраевич
-
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Жума уулу Улан
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Шокенов Бакытбек Кубанычбекович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
Умтулов Нурлан Джумалиевич
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Бакиров Эркин Абытжанович
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин директорунун орун басары;
Рыскулов Канат Бактыбекович
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Жакыпов Манас Жакыпович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Баймурзаев Темирлан Арапбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Естебесов Адыл Жээнбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;
Нуралиев Дастан Ормонбекович
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын банкроттук саясат секторунун башчысы;
Тайлаков Эмир Балтабаевич
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын юридикалык башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрдү укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү юристи (макулдашуу боюнча);
Жаманкулова Эльвира Кемелбековна
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын башкы адиси.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122