Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Казакстан Республикасынын аймагында жашаган, ошондой эле «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы менен эмгек мамилелеринде турган чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибине түшүндүрмөнү бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН төрагасыНЫН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 14-сентябры № 604 1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Темир жол транспортунун ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну колдонуунун бир түрдүү практикасын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Казакстан Республикасынын аймагында жашаган, ошондой эле "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен эмгек мамилелеринде турган чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибине түшүндүрмө тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
Казакстан Республикасынын аймагында жашаган, ошондой эле "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен эмгек мамилелеринде турган чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибине ТҮШҮНДҮРМӨ Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын темир жолдорунун туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында 1997-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Темир жол транспортунун ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) кол коюлган. Макулдашууга ылайык Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир Тараптын мамлекетинин темир жолдорунун курамына кирген, бирок экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан темир жол транспортунун мүлкүн ушул Макулдашуугну колдонуу мезгилинде баланстык таандыктыгына жараша ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын башкаруусуна берилген деп эсептөөгө макул болушкан. Макулдашуунун №1 тиркемесине ылайык Кайыңды станциясынан - Луговая станциясы - 59 км темир жол участогу Кыргыз темир жолунун курамында турат, бирок Казакстан Республикасынын аймагында жайгашкан. Макулдашуунун 2-беренесинин шарттары боюнча темир жол транспортунун мүлкү жайгашкан аймактагы мамлекеттин менчиги болуп саналат. Мында Макулдашуунун 3,4-беренелеринде ушул Макулдашууну колдонуу мезгилинде темир жолдоруна жана станцияларга (бөлүнгөн тилкени кошкондо), курулуштарга, имараттарга, курулмаларга, коргоочу жана бекемдөөчү бак-дарактарга жана ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын башка объекттерине бөлүнгөн жерлер (мындан ары - темир жол транспортунун жерлери деп аталат) бул ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын пайдалануусунда турат деп каралган. Темир жол транспортунун ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын өндүрүштүк жана социалдык базасын өнүктүрүү үчүн жерлерди берүү, ошондой эле темир жол транспортунун жерлерин пайдалануу тартиби алар жайгашкан аймактагы мамлекеттин мыйзамдарына ылайык белгиленет. Ошентип темир жол транспортунун ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын инфратүзүмү үчүн бөлүнгөн жерлер пайдалануу үчүн бул жерлерди берген мамлекеттин, башкача айтканда Казакстан Республикасынын юрисдикциясында турарын белгилөө зарыл. Мында Макулдашуунун 7-беренесинин 1-абзацына ылайык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгек жана эмгек акы маселелери бул ишканалар, мекемелер жана уюмдар темир жолдордун курамына кирген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. Ушуну менен бирге Макулдашуунун 7-беренесинин 2-абзацы социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди гана жөнгө салат, анын пенсиялык камсыздоого тиешеси жок. 2021-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 93 Мыйзамы менен ратификацияланган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген, анын негизги максаты ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин пенсиялык укуктарын ишке орношкон мамлекеттин жарандары үчүн каралган шарттарда жана тартипте камсыз кылуу болуп саналат. Евразия экономикалык комиссиясынын бул маселе боюнча 2021-жылдын 21-июлундагы № 24-103 түшүндүрмө-катына ылайык жумуш берүүчүсү башка мүчө мамлекеттин аймагында катталган, ал эми өзү жашаган мамлекеттин аймагында иштеген ЕАЭБге мүчө мамлекеттин жаранына карата улуттук мыйзамдарды колдонуу тууралуу белгиленген. Ушуга байланыштуу Казакстан Республикасынын аймагында жашаган, бирок "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен эмгек мамилелеринде турган чет өлкөлүк кызматкерлердин укуктарын коргоо максатында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө темир жол участоктору жайгашкан аймактагы мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, Казакстан Республикасынын мыйзамдарына шайкеш жүргүзүлүүгө тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64