# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 472-т ("Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун ишке ашыруунун алкагында коюлган статордун үч бузулган секциясын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 472-т ("Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун ишке ашыруунун алкагында коюлган статордун үч бузулган секциясын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 472-р
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18543/edition/1188037/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 472-т ("Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун ишке ашыруунун алкагында коюлган статордун үч бузулган секциясын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу тууралуу) тескемеси (08.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219200

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 8-сентябры № 472-т Бажы төлөмдөрүнөн жана алымдарынан бошотуу максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун арызынын негизинде "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун ишке ашыруунун алкагында коюлган статордун үч бузулган секциясын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн статордун үч бузулган секциясын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
