Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигине келтирилген зыянды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 19-сентябры № 617 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигине келтирилген зыянды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ жерине баруу менен бир айдын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын менчигине келтирилген зыянды иликтесин жана баалоо маселелери боюнча сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин жана ведомстволордун, башка уюмдардын кызматкерлерин тарпууга жана ишке зарыл документтерди суроого укук берилсин.
4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар ведомстволор аралык жумушчу топко суралган маалыматтарды берсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигине келтирилген зыянды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Джунушалиев Айбек Джанышбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кулматов Эделбек Маматкулович
-
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Шерматов Эмиль Абсатарович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Максутов Жаркынбек Бурукулович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Сагынбаев Канат Латипжанович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Токсонбаев Бактыбек
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;
Колопов Ильяс Сексенбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн эксперти;
Абдыкалыков Камилжан Коргонбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору;
Каримжанов Жумабай Каримжанович
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин директорунун орун басары;
Ходжомамбетов Замир Темиргазиевич
-
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жабдууларды оңдоо жана пайдалануу боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Балбаков Актан Айдаралиевич
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору;
Садыков Улан Асанбекович
-
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Эсенаманов Асылбек Келдибекович
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы;
Байдылдаев Мурат Курманбекович
-
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Шакиров Кутпидин Абдырахманович
-
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Рахманкулов Алмазбек Рахманкулович
-
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Жоробаев Учкунбек Имамалиевич
-
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 17-сентябрындагы ПЖ № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи…Указ · 17.09.2022 · № 313
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122