# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагысынын 2022-жылдын 13-сентябрындагы № 601 "Т.И. Бекташов, Б.С. Орозов жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагысынын 2022-жылдын 13-сентябрындагы № 601 "Т.И. Бекташов, Б.С. Орозов жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 601
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18536/edition/1189569/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагысынын 2022-жылдын 13-сентябрындагы № 601 "Т.И. Бекташов, Б.С. Орозов жөнүндө" тескемеси (13.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219193

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 13-сентябры № 601

Т.И. Бекташов, Б.С. Орозов жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнундө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык ротация жүргүзүлсүн:

- БЕКТАШОВ Талантбек Изатиллаевич ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басарынын кызмат ордуна;

- ОРОЗОВ Бактияр Сайпидинович ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басарынын кызмат ордуна.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
