Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Тарыхый инсан Ормон хандын 230 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамын түзүү тууралуу» тескемеси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 28 июня 2024 года № 383-р (О признании утратившими силу распоряжений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 8-сентябры № 473-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 123-т тескемесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Тарыхый инсан Ормон хандын 230 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
4. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджетинин каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
Тарыхый инсан Ормон хандын 230 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы
Кызмат орду боюнча: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; "Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча); "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча).
Жекече (макулдашуу боюнча): Абыкеев Чолпонбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси; Салымбеков Аскар Мааткабылович - "Теңир Тоо" коомунун президенти; Ибраимов Кубаныч Асанович - "Ормон хан" коомдук фондунун төрагасы; Медетбеков Шамшыбек Осмонкулович - коомдук ишмер; Исаков Марат Абдымажитович - "Манап-бий Ата" коомунун президенти; Жолдошев Рыскул - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, профессор; Осмонов Өзгөн - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, профессор; Сапаров Каныбек - Кочкор коомунун координатору; Айдаров Азамат Жекшенбаевич - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу; Максутов Бактыбек - "Айкөл Манас" коомдук фондунун төрагасы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 123-т (2022-жылга жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегин бекитүү тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 22.03.2022 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Распоряжение · 28.06.2024 · № 383-р