# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы № 453-т "2022-жылдын 31-августун айрым уюмдар үчүн иш күнү катары белгилөө жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы № 453-т "2022-жылдын 31-августун айрым уюмдар үчүн иш күнү катары белгилөө жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 453-р
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18521/edition/1185738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы № 453-т "2022-жылдын 31-августун айрым уюмдар үчүн иш күнү катары белгилөө жөнүндө" тескемеси (30.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219176

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 30-августу № 453-т Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын, "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 31-августу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-статьясында жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2022-жылдын 31-августу жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
