# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 445-т "Тиркелген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Ливан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 445-т "Тиркелген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Ливан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 445-р
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18515/edition/1183687/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 445-т "Тиркелген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Ливан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу" тескемеси (19.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219169

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 19-августу № 445-т Кыргыз Республикасынын жана Ливан Республикасынын жарандарынын, дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлеринин өз ара барууларынын географиясын кеңейтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Ливан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
