# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-августундагы № 435-т (Волейбол боюнча Азия чакырыгы кубогун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-августундагы № 435-т (Волейбол боюнча Азия чакырыгы кубогун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 435-р
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18512/edition/1186544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-августундагы № 435-т (Волейбол боюнча Азия чакырыгы кубогун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219166

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 11-августу № 435-т 2022-жылдын 25-августунан тартып 4-сентябрына чейин Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча Азия чакырыгы кубогун сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясына ылайык:

1. Волейбол боюнча Азия чакырыгы кубогун (мындан ары - Азия чакырыгы кубогу) даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу-техникалык жана даярдоо чараларын көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2022-жылга каралган каражаттарынын алкагында Азия чакырыгы кубогун өткөрүүгө финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Азия чакырыгы кубогунун катышуучуларын медициналык тейлөөнү белгиленген тартипте камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Азия чакырыгы кубогу өтүүчү жана анын катышуучулары жашаган жерлерде коомдук тартипти коргоону жана коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери алдын ала жөнөтүлгөн расмий өтүнүч каттарынын негизинде Азия чакырыгы кубогунун катышуучулары - чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын визалык колдоосун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобого ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды албастан тариздесин.

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн компетенциясынын алкагында Азия чакырыгы кубогунун катышуучуларынын, расмий адамдардын жана ардактуу меймандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн, тиешелүү документтерди макулдашуу жана Азия чакырыгы кубогунун катышуучулары - чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүсү боюнча маселелерди оперативдүү чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча чечим кабыл алсын.

8. Төмөнкүлөр сунушталсын:

- Чолпон-Ата шаарынын мэриясына Азия чакырыгы кубогун өткөрүүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте уюштуруу маселелерин чечүүдө (жарнама щиттерин тариздөө, ошондой эле аталган иш-чараны пропагандалоо боюнча) тиешелүү ишти жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына Азия чакырыгы кубогун даярдоонун, өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырууну жана көрсөтүүнү камсыз кылуу;

- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна ардактуу конок-делегаттарды "Манас-2" аэропортунун расмий делегация залы аркылуу акысыз негизде тосуп алууну уюштурууга көмөк көрсөтүү.

9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

Волейбол боюнча Азия чакырыгы кубогун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясынын директору; "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
