Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 17-августу № 442-т Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Тараптар" деп аталган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлиги, Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда болгон достук мамилелерди чыңдоого жана эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө салым кошууга ниеттенип, 1996-жылдын 24-декабрындагы Өзбекстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жана 1999-жылдын 9-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө макулдашууну көңүлгө алып, кылмыштуулуктун анын бардык көрүнүштөрүндө жана формаларында эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка, саясий, экономикалык жана социалдык туруктуулукка олуттуу коркунуч келтирерин түшүнүп, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын жоболоруна негизденип, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Максат Ушул Макулдашуунун максаты кылмыштарды болтурбоодо, аныктоодо, бөгөт коюуда жана иликтөөдө эки тараптуу кызматташууну чыңдоо болуп эсептелет. 2-берене. Кызматташуунун багыттары
1. Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана компетенциясынын алкагында төмөнкүдөй кылмыштарга каршы күрөшүүдө кызматташууну жүзөгө ашырат:
уюшкан кылмыштуулук; экстремизм; адам сатуу жана мыйзамсыз миграция; инсандын өмүрүнө, саламаттыгына, эркиндигине жана аброюна каршы; инсандын жыныстык эркиндигине жана жыныстык кол тийбестигине каршы; жеке менчикке каршы; коммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын колдонуу жаатында; маданий мурас объекттерине каршы; интеллектуалдык жеке менчик чөйрөсүндө; баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош заттарды же прекурсорлору жүгүртүү чөйрөсүндө; куралды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды, биологиялык, радиоактивдүү жана башка кооптуу материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө; транспорт каражаттарына мыйзамсыз ээлик кылуу менен байланышкан; айлана-чөйрөгө каршы.
2. Тараптар төмөнкү багыттар боюнча өз ара аракеттенет:
жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу; транспорттун бардык түрлөрүндө коопсуздукту камсыз кылуу; коомдук тартипти жана коопсуздукту, анын ичинде эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда; таанылбаган өлүктөрдү жана ден соолугунун абалы же жаш курагы боюнча өзүнүн инсандыгы жөнүндө маалымат бере албаган адамдарды идентификациялоо; илимий-изилдөө иши, маалыматтык жана телекоммуникациялык системаларды өнүктүрүү жана аларды системага киргизүү; кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
3. Тараптар өз ара макулдашуу боюнча өз мамлекеттеринин мыйзамдарында кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган башка кылмыштарга каршы күрөшүүдө кызматташуу чөйрөсүн кеңейте алат.
4. Ушул Макулдашуу кылмыш-жаза өндүрүшү же экстрадициялоо боюнча укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелерин козгобойт.
3-берене. Кызматташуу формасы
1. Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык кызматташууну төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырат:
төмөнкүлөр тууралуу маалымат алмашуу: даярдалып жаткан же жасалган кылмыштар, аларга катыштыгы бар жактар (анын ичинде иши трансулуттук мүнөзгө ээ болгон адамдар), аларды жасоо ыкмалары жана көрүлгөн чаралар; кылмыштуулукту болтурбоо жана ага каршы күрөшүүнүн кыйла натыйжалуу формалары жана методдору; криминалдык талдоону жүзөгө ашыруунун мыкты тажрыйбалары, ошондой эле кылмыштардын бетин ачуу үчүн пайдаланылган заманбап методикалар жана инструменттер; Тараптардын мамлекеттеринин көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө кылмыштуулукту болтурбоо жана ага каршы күрөшүү маселелери жөнгө салынган ченемдик укуктук актылары жана алардагы өзгөрүүлөр; ошондой эле аларды берүү Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына каршы келбеген, өз ара кызыкчылыкты билдирген башка маалыматтар.
2. Кылмыштарды болтурбоо, аныктоо, бөгөт коюу жана иликтөө максатында суроо-талап жөнөтүлгөн Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү (Тараптардын биринин суроо-талабы боюнча).
3. Кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө багытталган кызматташуунун аталган чөйрөлөрүндө биргелешкен координацияланган ишти жүзөгө ашыруу.
4. Зарыл болгон учурда Тараптардын мамлекеттеринин аймагында биргелешкен ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана процессуалдык аракеттерди жүргүзүү үчүн жумушчу топторду түзүү.
5. Алгачкы текшерүү, тергөө, сот органдарынан жашырынып жүргөн, кылмыш жазасын аткаруудан качып жүргөн, дайынсыз жоголгон адамдарды издөө боюнча кызматташууну жүзөгө ашыруу жана адамдарды же таанылбаган өлүктөрдү идентификациялоого багытталган чараларды көрүү.
6. Биргелешкен семинарларды, тренингдерди жана башка иш-чараларды өткөрүү.
7. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун максатына ылайык Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына карама-каршы келбеген кызматташуунун башка формалары да колдонулушу мүмкүн.
4-берене. Кызматташуунун тартиби
1. Ушул Макулдашууга ылайык Тараптардын ортосундагы кызматташуу суроо-талаптын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Суроо-талаптар жана суроо-талаптарга жооптор жазуу жүзүндө жөнөтүлөт. Кечиктирилгис учурларда суроо-талап оозеки формада, суроо-талап оозеки формада берилгенден кийинки жумуш күндүн ичинде андан ары милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө ырастоо менен берилиши мүмкүн. Суроо-талаптарды жана жоопторду жазуу жүзүндө берүү почта аркылуу же Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында уруксат берилген маалыматтарды берүүнүн техникалык каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Суроо-талаптын аныктыгына күмөн келип чыкканда, анын кошумча ырастоосу суралышы мүмкүн.
3. Суроо-талап төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
сураган Тараптын жана суралуучу Тараптын аталышын; суроо-талаптын максатын жана мазмунун, анын негиздемесин жана аны аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, ошондой эле суроо-талапта камтылган маалыматты пайдалануу боюнча мүмкүн болгон чектөөлөрдүн тизмегин; жооп алуу зарыл болгон суроолордун же жүзөгө ашыруу зарыл болгон чаралардын тизмегин; суроо-талапты аткаруунун керек болгон мөөнөттөрүн. Зарыл болгон учурда суроо-талапка суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагында суроо-талапты аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда сураган Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусу жөнүндө өтүнүч тиркелиши мүмкүн.
4. Суроо-талаптар Тараптар тарабынан алардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык аткарылат. Муну менен бирге, суралуучу Тарап суроо-талаптын толук, өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт жана ага кыска мөөнөттө жооп берет.
5. Эгерде суралуучу Тарап суроо-талапты талаптагыдай аткаруу үчүн мазмунун тактоого же зарыл болгон башка маалыматтардын берилишине муктаж болсо, ал аны алуу үчүн сураган Тарапка кайрыла алат.
6. Эгерде бул анын мыйзамдарына каршы келбесе, суралуучу Тарап өзүнүн мамлекетинин аймагында суроо-талапты аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда сураган Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусуна уруксат бериши мүмкүн.
7. Суралуучу Тарап сураган Тарап менен кеңешкенден кийин суроо-талапты аткарууну кийинкиге калтырышы же зарыл деп аныкталган шарттарды сактоо менен аны аткарууну байланыштырышы мүмкүн. Эгерде сураган Тарап суроо-талапты ушундай шарттарда аткарууга макул болсо, ал ушул шарттарды сактоого милдеттүү.
8. Эгер аны аткаруу суралуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына каршы келсе же Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде белгиленген милдеттенмелерди бузса, ушул Макулдашууда каралган суроо-талапты аткаруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартылышы же болбосо чектелиши мүмкүн.
9. Эгерде суроо-талап толугу менен же жарым-жартылай аткарылышы мүмкүн болбосо, Тараптар эки Тараптын ген кызыкчылыктарын канааттандырган башка чаралар жөнүндө макулдашуусу мүмкүн.
10. Эгерде суралуучу Тарап суроо-талапты аткаруудан баш тартууну чечсе, сураган Тарап бул жөнүндө мындай баш тартуунун себебин көрсөтүү менен токтоосуз кабарландырылууга тийиш.
11. Ар бир Тарап өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык экинчи Тарапка маалыматты демилгелүү түрдө бере алат, эгерде ал ошол Тарап үчүн кызыгуу жаратат, атап айтканда кылмыштарды алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле изилдөө жүргүзүүгө көмөктөшөт деп эсептөөгө негиз бар болсо.
5-берене. Ыйгарым укуктуу бөлүмдөр
1. Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууну координациялоочу ыйгарым укуктуу бөлүмдөр жана алардын байланыш маалыматтары жөнүндө маалымат алмашат.
2. Ыйгарым укуктуу бөлүм же анын байланыш маалыматтары өзгөргөн учурда тиешелүү Тарап экинчи Тарапка мындай өзгөрүүлөр жөнүндө кабарлоого жана мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө актуалдуу маалыматты берүүгө милдеттенет.
3. Зарыл болгон учурда Тараптардын ортосундагы кызматташуу бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнүн түз байланышуусу аркылуу да жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мындай учурда Тараптар байланышуучу адамдарды аныктайт жана алар жөнүндө кат алмашуу жолу менен бири-бирине маалымдайт.
6-берене. Маалыматты коргоо
1. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында алмашкан маалыматтар жана документтер үчүнчү тарапка берилиши жана берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз алар берилген максаттардан башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
2. Ушул Макулдашуунун алкагында жетүү чектелген маалыматтарды алмашууну жана өз ара коргоону Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган маалымат алмашуу жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырат.
7-берене. Жумушчу жолугушуулар жана консультациялар
1. Тараптардын өкүлдөрү зарыл болгон учурда кызматташуунун жыйынтыктарын жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды талкуулоо максатында жумушчу жолугушууларды жана консультацияларды өткөрөт.
2. Өз ара кызматташууну координациялоо максатында Тараптар зарыл болгон учурда жетекчилердин же эксперттердин деңгээлинде жумушчу же координациялык топту түзө алат, алардын жолугушуулары паритеттик негизде өткөрүлөт.
8-берене. Чыгымдар Тараптар ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды, эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача тартиби макулдашылбаса, өз мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде өз алдынча тартат. 9-берене. Тилдер Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуунун жумуш тили болуп орус тили саналат, бул Тараптарга алар үчүн алгылыктуу башка тилди колдонууга тоскоолдук кылбайт. 10-берене. Талаш-тартыштарды чечүү Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыккан бардык талаш-тартыштарды Тараптар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечет. 11-берене. Башка эл аралык келишимдер менен катыштыгы Ушул Макулдашуунун жоболору мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келин чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт. 12-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча ушул Макулдашууга, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 13-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ар бир Тарап экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндөгү кабарлама жөнөтүү жолу менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат. Мындай учурда экинчи Тарап мындай жазуу жүзүндөгү кабарламаны алган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин Макулдашуу өзүнүн колдонулушун токтотот.
3. Ушул Макулдашууну токтотуу, эгерде Тараптар менен башкача макулдашылбаса, башталган жана ишке ашыруу стадиясында турган иш-чаралардын аткарылышына, ошондой эле ушул Макулдашууга ылайык маалыматтарды коргоо боюнча Тараптардын милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
4. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөрдүн колдонулушу токтотулат:
- 1992-жылдын 13-майындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуу, Ош ш.;
- 1995-жылдын 24-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуу, Бишкек ш.
__________________ шаарында 2022-жылдын "___" _________________, эки нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде аткарылды, бардык тексттер бирдей аутенттүү. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана/же колдонууда кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн
Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.