Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык биримдигинде ташууларды көзөмөлдө үчүн навигациялык пломбалар жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусун бекитүү тууралуу» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 10-августу № 426-т "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 426-т тескемеси менен жактырылган
2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалды. Макулдашуу товарларды: ташууда (транзитте да, өз ара сооданын алкагында да) мамлекеттик контролдоо чараларын минималдаштырууга жана аларды мыйзамдуу жүгүртүүнү камсыз кылууга багытталган. Макулдашууда навигациялык пломбаларды колдонуу учурлары жана тартиби, байкоо жүргүзүү объекттери, товарларды ташуучу транспорттун түрлөрү, товарларды ташууга байкоо жүргүзүүнүн катышуучулары, улуттук операторлордун жана контролдоочу органдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн негиздери аныкталган. Навигациялык пломбаларды пайдалануу менен байкоо жүргүзүү бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык автомобиль жана темир жол транспорту менен ташылуучу товарларга, ошондой эле өз ара сооданын алкагында ташылуучу санкцияланган товарларга, алкоголдук продукцияга, тамекиге жана тамеки буюмдарына карата колдонулат. Келечекте, зарыл болгон учурда жана мүчө мамлекеттердин демилгеси болгон учурда Евразия экономикалык комиссиясы аныктаган башка товарларга байкоо жүргүзүүнү колдонуу мүмкүндүгү каралган. Макулдашууда байкоо жүргүзүү колдонулбай турган (мисалы, тирүү жандыктар, эндей ташылуучу жүктөр ж.б.) товарлардын тизмегин даярдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын компетенциясы каралган. Ошондой эле улуттук операторлор тарабынан алардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салууну караган өзүнчө келишим түзүү каралган. Мындан тышкары кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички макулдашуу жол-жоболорун жүргүзүү баскычында Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен тиешелүү түрдө 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 6-15872/21 жана 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 6-16105/21 чечимдери менен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 301-т тескемеси менен жактырылган. «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Жогоруда баяндалгандар менен катар Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбей турганын белгилейбиз. Макулдашууну ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, ошоидой эле финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Министлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 301-т (Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашуунун…Распоряжение · 29.11.2021 · № 301-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон