# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-июлундагы ПТ № 136 "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында тандоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-июлундагы ПТ № 136 "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында тандоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18496/edition/1259984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-июлундагы ПТ № 136 "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында тандоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" тескемеси (14.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219149

---

КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПТ № 103 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 22-июлу ПТ № 136 Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында тандоонун жол-жобосун тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында тандоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
