# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 388-т (2022-жылдын 30-июлу жумуш күнү деп жарыялоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 388-т (2022-жылдын 30-июлу жумуш күнү деп жарыялоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 405
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18492/edition/1183503/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 388-т (2022-жылдын 30-июлу жумуш күнү деп жарыялоо тууралуу) тескемеси (29.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219145

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 29-июлу № 405-т Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 30-июлу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-статьясында жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2022-жылдын 30-июлу жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
