Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики «Об одобрении заключения Кабинета Министров Кыргызской Республики к Протоколу о внесении изменения в Соглашение о единых принципах и правилах обращения медицинских изделий (изделий медицинского назначения и медицинской техники) в рамках Евразийского экономического союза от 23 декабря 2014 года, подписанному 30 декабря 2021 года в городе Москве»
РАСПОРЯЖЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 8 августу 2022 года № 420-р «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында:
1. 2021-жылдын 30-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык арналыштагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аталган Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын « ____ » ______________ №_______ тескемеси менен жактырылды
2021-жылдын 30-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык: арналыштагы буюмдарды жана медициналык техниканы, жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү туурулуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу 2021-жылдын 30-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык арналыштагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнү бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол (мындан ары - Протокол) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 9-мартында өткөн жыйналышында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Протоколдун долбоору тууралуу буйругу жактырылган жана ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге жиберилген (ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 20 буйругу). Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетииин 2021-жылдын 10-ноябрындагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2021-жылдын 16-ноябрындагы чечими менен жактырылган. Мамлекеттик ички макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын ноябрындагы № 300-т Протоколдун долбоорун жактыруу жөнүндө тескемеси кабыл алынган. Бул Протоколго 2021-жылдын декабрында Москва шаарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү кол койгон. Протоколдо 2022-жылдын 1-январынан тартып Протоколду мүчө мамлекеттердин убактылуу колдонуусу каралган, ал эми мыизамдарында эл аралык келишимдерди убактылуу колдонуу мүмкүндүгү каралбаган мүчө мамлекеттер үчүн ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор мындай мүчө мамлекет тарабынан аткарылган күндөн тартып, бирок 2022-жылдын 1-январынан эрте эмес колдонулат. Протокол төмөнкүлөрдү камсыз кылат: Медициналык буюмдарды 2021-жылдын 31-декабрына чейин улуттук эрежелер боюнча каттоо мүмкүндүгүн. 2022-жылдын 1-январынан тартып медициналык буюмдарды каттоо Бирликтин укуктарына ылайык гана жүргүзүлөт; Мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган медициналык буюмдарга карата:
- улуттук каттоо күбөлүктөрүнүн жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин медициналык буюмдарды ушул мүчө мамлекеттин аймагында жүгүртүүгө чыгаруу жана мындай медициналык буюмдарды ушул мүчө мамлекеттин аймагында гана жүгүртүү мүмкүндүгүн
- жарактуулук мөөнөтү чектелген улуттук каттоо күбөлүгү берилген медициналык буюмдар үчүн мөөнөтсүз улуттук каттоо күбөлүктөрүн берүү менен мындай медициналык буюмдарды 2026-жылдын 31-декабрына чейин кайра каттоо мүмкүндүгүн;
- 2026-жылдын 31-декабрына чейин медициналык буюмдун каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүндүгүн.
2022-жылдын 1-январынан тартып Протоколду мүчө мамлекеттердин убактылуу колдонуусу, ал эми мыйзамдарында эл аралык келишимдерди убактылуу колдонуу мүмкүндүгү каралбаган мүчө мамлекеттер үчүн ушул Протоколдун күчүнө кириши кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор мындай мүчө мамлекет тарабынан аткарылган күндөн тартып, бирок 2022-жылдын январынан эрте эмес колдонулат. Бул Протокол «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна туура келет. «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Протоколду ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- 2021-жылдын 29-ноябрындагы, № 300-т (2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык арналыштагы буюмдарды жана…Распоряжение · 29.11.2021 · № 300-p
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон