# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 389-т "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашуунун алкагында Үчүнчү субгранттык иш-чара боюнча макулдашуу каттын долбоорун жактыруу тууралуу" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 389-т "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашуунун алкагында Үчүнчү субгранттык иш-чара боюнча макулдашуу каттын долбоорун жактыруу тууралуу" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 389-р
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18480/edition/1180288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 389-т "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашуунун алкагында Үчүнчү субгранттык иш-чара боюнча макулдашуу каттын долбоорун жактыруу тууралуу" тескемеси (15.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219133

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 15-июлу № 389-т "2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашууга ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашуунун алкагында Үчүнчү субгранттык иш-чара боюнча макулдашуу каттын расмий тилде (расмий эмес котормосу) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Жогоруда аталган Макулдашуу каттын долбооруна кол коюуга Кыргыз Республикасынын финансы министрине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен Аткаруучу агенттиктин укугунда ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
