# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 382-т "Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 382-т "Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 382-р
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18478/edition/1181926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 382-т "Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жөнүндө" тескемеси (08.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219131

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 8-июлу № 382-т Автотранспорт каражатын андан ары берүү менен мамлекеттик менчикке өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын арызынын негизинде Тойота "Ленд Крузер Прадо" маркасындагы, 2014-жылы чыккан, кузовунун № JTEBH9FJ20K152934, кыймылдаткычынын № 1KD2471260, кыймылдаткычынын көлөмү 3000 куб.см, түсү ак автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин оперативдүү башкаруусуна берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:

- жогоруда аталган автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга кабыл алсын;

- ушул тескемени ишке ашырууну 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
