# КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси 2022-жылдын 28-июлундагы № 184 "Kыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 14-мартындагы №50 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси 2022-жылдын 28-июлундагы № 184 "Kыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 14-мартындагы №50 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18471/edition/1244046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси 2022-жылдын 28-июлундагы № 184 "Kыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 14-мартындагы №50 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жөнүндө" тескемеси (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219124

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 28-июлу № 184 Kыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 14-мартындагы №50 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгы жөнүндө жободо:

- төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:

«111. Башкармалык Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына комплекстүү маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу бөлүгүндө Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун ишин координациялайт.»;

2) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун 12-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

А.У.Жапаров
