# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-июлундагы № 398-т "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттары аркылуу Тажикстан Республикасынын айрым категориядагы жарандарынын жана үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын кирүү/чыгуу маселелерин тартипке келтирүү максатында" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-июлундагы № 398-т "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттары аркылуу Тажикстан Республикасынын айрым категориядагы жарандарынын жана үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын кирүү/чыгуу маселелерин тартипке келтирүү максатында" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 398-р
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18469/edition/1178787/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-июлундагы № 398-т "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттары аркылуу Тажикстан Республикасынын айрым категориядагы жарандарынын жана үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын кирүү/чыгуу маселелерин тартипке келтирүү максатында" тескемеси (25.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219122

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 25-июлу № 398-т Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттары аркылуу Тажикстан Республикасынын айрым категориядагы жарандарынын жана үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын кирүү/чыгуу маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы №12-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

алтынчы абзацында "жана өнөр жай" деген сөздөр алып салынсын; сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Тажикстан Республикасынын жарандары – Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары жана жубайлары алардын тууганчылыгы документалдуу ырасталган шартта;"; төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу, онунчу абзацтар менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында ар түрдүү расмий жана коомдук-массалык иш-чараларга катышкан Тажикстан Республикасынын жарандары;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары.";

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров
