# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 375-т "Эпидемия очокторунда иштеген, эпидемия очокторунда жана ага теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 375-т "Эпидемия очокторунда иштеген, эпидемия очокторунда жана ага теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 375-р
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18464/edition/1174835/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 375-т "Эпидемия очокторунда иштеген, эпидемия очокторунда жана ага теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында" тескемеси (08.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219117

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 8-июлу № 375-т Эпидемия очокторунда иштеген, эпидемия очокторунда жана ага теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 221-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1 -пунктунун 1 -пунктчасында:

- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана очоктуу аймактарда ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөргө жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын кесепетинен инфекцияны жуктуруп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку компенсацияны төлөөгө 130 400 000 (бир жүз отуз миллион төрт жүз миң) сом;";

- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров
