# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 380-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 52-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 380-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 52-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 380-р
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18462/edition/1174133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 380-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 52-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин жөнүндө" тескемеси (08.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219115

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 8-июлу № 380-т “Динамикалык пирамида” дисциплинасында чоңдор жана өспүрүмдөр арасында бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатын сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында,”Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 52-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласында “2022-жылдын 25-мартынан 2-апрелине чейин Бишкек” деген сөздөр “2022-жылдын 11-июлунан 21-июлуна чейин Чолпон-Ата” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 9-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Чолпон-Ата шаарынын мэриясына дүйнө чемпионатын өткөрүүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн дүйнө чемпионатын символикасы бар жарнама такталары менен жасалгалоого көмөк көрсөтүү;”.

2. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров
