# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 381-т "2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган N 2 кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 381-т "2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган N 2 кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 381-р
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18461/edition/1174117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 381-т "2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган N 2 кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу" тескемеси (08.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219114

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 8-июлу № 381-т Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине жана 86-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:

1. 2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_№ \_\_\_\_\_\_\_\_\_ тескемеси мененжактырылган

2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашуу (мындан ары - № 2 кошумча макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 14-пунктуна ылайык № 2 кошумча макулдашуу милдетүү түрдө ратификацияланууга тийиш. Ушуга байланыштуу № 2 кошумча макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган (Бюджет жана финансы боюнча комитети - 2022-жылдын 16-мартындагы чечим, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети - 2022-жылдын 11-мартындагы чечим, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети - 2022-жылдын 16-мартындагы чечим) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 163-т тескемеси менен жактырылган. № 2 кошумча макулдашуу инвестициялык кредиттин негизги карызын төлөө үчүн шарттарды жеңилдетүү максатында 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган. № 2 кошумча макулдашуунун шарттарынын алкагында № 2 кошумча макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып негизги карызды жоюу 2024-жылдын 30-мартынан баштап жана 2039-жылдын 30-мартында аяктап, ар жылдын 30-мартында жана 30-сентябрында төлөнүүгө тийиш экендиги белгиленет. Негизги карызды төлөөнүн графиги көрсөтүлгөн сумманы тандоодон кийинки негизги карызды төлөөнүн эң жакынкы күнүнөн баштап жана 2039-жылдын 30-мартында аяктап, инвестициялык кредиттин ар бир тандалган суммасы негизги карызды жоюунун ар бир датасында бирдей үлүштөр менен төлөнүүгө тийиш экендигинин негизинде эсептелет. Бөлүнбөгөн калдыктары негизги карызды төлөөнүн акыркы датасына - 2039-жылдын 30-мартына тийиштүү. № 2 кошумча макулдашууда инвестициялык кредиттин негизги карызын жоюу боюнча шарттарды жеңилдетүү каралгандыгын эске алып, № 2 кошумча макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
