# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-т "Жай мезгилинде балдарды эс алууну, ден соолукту чыңдоону жана иш менен камсыз кылууну уюштуруу жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-т "Жай мезгилинде балдарды эс алууну, ден соолукту чыңдоону жана иш менен камсыз кылууну уюштуруу жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 377-р
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18460/edition/1174015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-т "Жай мезгилинде балдарды эс алууну, ден соолукту чыңдоону жана иш менен камсыз кылууну уюштуруу жөнүндө" тескемеси (08.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219113

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 8-июлу № 377-т Жайкы мезгилде балдардын эс алуусун, ден соолугун чыңдоону жана иш менен алектенүүсүн натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 6, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2022-жылдын 1-июлунан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын, камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынган балдардын, асырап алган үй-бүлөлөрдөгү балдардын, жетим балдардын, тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын, камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынган балдардын, асырап алган үй-бүлөлөрдөгү балдардын, жетим балдардын, тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын ден соолугун чыңдоого 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине каралган 5000000 (беш миллион) сом суммасындагы каражаттарды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 268-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пунктунун биринчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 4, 8-пункттарындагы "Социалдык өнүгүү" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы "Билим берүү жана илим" деген сөздөр "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 268-б буйругуна тиркеме

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары, штабдын жетекчиси; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, штабдын жетекчисинин орун басары. Штабдын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары.".
