# КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 477 "А.Ж.Бешимов жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 477 "А.Ж.Бешимов жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 477
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18459/edition/1174013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 477 "А.Ж.Бешимов жөнүндө" тескемеси (06.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219112

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 6-июлу № 477 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу" мекемесинин Уставынын 17-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Бешимов Аскар Жолчубекович Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун Байкоочу кеңешинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын өкүлү болуп дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 7-декабрындагы № 648 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров
