КР Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 17-июну № 333-т "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2022-жылдын 17-июнундагы № 333 тескемеси менен жактырылган
2022-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ 2022-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун шарттары жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет. Бул макулдашууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 6-12434/22 жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 6-12678/22 корутундулары бар. Макулдашуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрүүнү жана жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ишкердик ишин жөнгө салууга багытталган эмес. Сунушталган Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине, ошондой эле белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Сунушталган Макулдашууну кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. Муну менен бирге Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 330-т тескемеси менен жактырылган. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Макулдашууну ратификациялоо терс социалдык, финансы-экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон