# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 334-т "1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнундө макулдашууга Кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 334-т "1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнундө макулдашууга Кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 334-р
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18448/edition/1166601/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 334-т "1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнундө макулдашууга Кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын" тескемеси (17.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219100

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 17-июну № 334-т «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнундө макулдашууга Кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасына Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров
