Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Башталгыч жана кесиптик орто билим берүү системасын колдоо, өнүктүрүү жана чыңдоо долбоорлорун жана программаларын координациялоо боюнча байкоочу комитет жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 15-июня № 327-т Эл аралык финансылык институттар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан каржылануучу башталгыч жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Башталгыч жана кесиптик орто билим берүү системасын колдоо, өнүктүрүү жана чыңдоо долбоорлорун жана программаларын координациялоо боюнча байкоочу комитет 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Башталгыч жана кесиптик орто билим берүү системасын колдоо, өнүктүрүү жана чыңдоо долбоорлорун жана программаларын координациялоо боюнча байкоочу комитет жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-январындагы № 28-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
1-тиркеме
Башталгыч жана кесиптик орто билим берүү системасын колдоо, өнүктүрүү жана чыңдоо долбоорлорун жана программаларын координациялоо боюнча байкоочу комитеттин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Байкоочу комитеттин төрагасы; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кесиптик билим берүү маселелерин тейлөөчү орун басары, Байкоочу комитеттин төрагасынын орун басары. Байкоочу комитеттин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын финансы министринин тышкы жардам маселелерин тейлөөчү орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин эмгек маселелерин тейлөөчү орун басары; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча); Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122