# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 332-т "Мамлекеттик ишмер Казы Дикамбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 332-т "Мамлекеттик ишмер Казы Дикамбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 332-р
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18436/edition/1167377/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 332-т "Мамлекеттик ишмер Казы Дикамбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" тескемеси (17.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219085

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 17-июну № 332-т Мамлекеттик ишмер Казы Дикамбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2021-жылдын 24-августундагы № 31-32 чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө жобого, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета женунде" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамьгньга 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) менен биргеликте кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрүнүн аллеясына (Бишкек шаары, Эркиндик бульвары) мамлекеттик ишмер Казы Дикамбаевдин бюстун орнотсун.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
