# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-майындагы № 246-т (Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишинин борборлоштурулган бухгалтердик эсебин түзүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-майындагы № 246-т (Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишинин борборлоштурулган бухгалтердик эсебин түзүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 246
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219073>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18427/edition/1163593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219073.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-майындагы № 246-т (Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишинин борборлоштурулган бухгалтердик эсебин түзүү тууралуу) тескемеси (14.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219073

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 14-майы № 246-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу, мамлекеттик финансыны башкаруунун мамлекеттик системасын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишинин борборлоштурулган бухгалтердик эсебин түзүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишинин борборлоштурулган бухгалтердик эсебин программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишинин борборлоштурулган бухгалтердик эсебин программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү түз келишим түзүү методу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынан сатып алсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
