# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майындагы № 294-т (Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан Текелик көмүр кенин иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майындагы № 294-т (Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан Текелик көмүр кенин иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 294-р
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219070>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18424/edition/1168637/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219070.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майындагы № 294-т (Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан Текелик көмүр кенин иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219070

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 31-майы № 294-т Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын карамагындагы "Чоң-Алайкөмүр" мамлекеттик ишканасына тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан Текелик көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

Чекиттер №

X

Ү

1

12746008

4387049

7

12747812

4387241

2

12747495

4387840

8

12746014

4386281

3

12747580

4387681

9

12746009

4386840

4

12746500

4387082

10

12746434

4387010

5

12746596

4386791

11

12746402

4387137

6

12747724

4387407

12

12746008

4386980

Аянты 82,03 га

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензияны берсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
