Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Навигациялык жабдууларды жана атайын техниканы мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 31-майы № 301-т Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунушун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Манас" эл аралык аэропорту" ААК) төмөнкүлөр сунушталсын:
- навигациялык жабдууларды жана атайын техниканы мамлекеттик менчикке тиркемеге ылайык акысыз өткөрүп берүү;
- уюштуруучулук чыгарылыштагы акциялардын уставдык капиталына кирген негизги каражаттардын рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзүү.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жабдууларды жана атайын техниканы мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- бир эле убакта "Манас" эл аралык аэропорту" ААК менен жогоруда аталган жабдууларды жана атайын техниканы убактылуу акысыз пайдалануу келишимин түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жабдууларды жана атайын техниканы, ошондой эле перрону жана жанаша жайгашкан жер участогу менен мурунку чакан терминалды "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбооруна киргизсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:
А.У.Жапаров
Тиркеме
Мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлүп берилүүчү навигациялык жабдуулардын жана атайын техниканын ТИЗМЕГИ
№
Жабдуулардын аталышы
Саны
1 бирдигинин баасы, япон йени менен
Жалпы баасы, япон йени менен
I. Аба кемелерин приборлор боюнча кондуруу системасы (МК пос. 075° менен ILS системасы)
1.1
Курстук радиомаяк (МК пос. 075° менен)
1
¥ 109685000
¥ 109685000
1.2
Глисаддык радиомаяк (МК пос. 075° менен)
1
¥ 73425500
¥ 73425500
1.3
DME-конуу аралыгын аныктоочу радиомаяк (МК пос. 075° менен)
1
¥ 24195500
¥ 24195500
1.4
Алыскы талааны контролдоо прибору (МК пос. 075° менен)
1
¥ 10355000
¥ 10355000
1.5
ILS жабдууларын аралыктан башкаруу жана контролдоо системасы (МК пос. 075° менен)
1
¥ 7649000
¥ 7649000
1.6
ILS жабдууларын өткөргүчсүз аралыктан башкаруу системасы (МК пос. 075° менен)
2
¥ 421250
¥ 842500
1.7
ILS монтаждоо жана ишке киргизүү боюнча чыгымдар (МК пос. 075° менен)
1
¥ 66598000
¥ 66598000
1.8
ILS жабдууларын долбоорлоо боюнча чыгымдар (МК пос. 075° менен)
1
¥ 11724000
¥ 11724000
ILS жабдуулары боюнча жалпы
¥ 304474500
II. Аба кемелерин приборлор боюнча кондуруу системасы (ILS/DME жабдуусу МК пос. 255° менен)
2.1
Курстук радиомаяк (МК пос. 255° менен)
1
¥ 109685000
¥ 109685000
2.2
Глиссаддык радиомаяк (МК пос. 255° менен)
1
¥ 73425500
¥ 73425500
2.3
DME - конуу аралыгын аныктоочу радиомаяк (МК пос. 255° менен)
1
¥ 24195500
¥ 24195500
2.4
Алыскы талааны контролдоо прибору (МК пос. 255° менен)
1
¥ 10355000
¥ 10355000
2.5
ILS жабдууларын аралыктан башкаруу жана контролдоо системасы (МК пос. 255° менен)
1
¥ 7649000
¥ 7649000
2.6
ILS жабдууларын өткөргүчсүз аралыктан башкаруу системасы (МК пос. 255° менен)
2
¥ 421250
¥ 842500
2.7
ILS/DME жабдууларын монтаждоо жана ишке киргизүү боюнча чыгымдар (МК нос. 255° менен)
1
¥ 66598000
¥ 66598000
2.8
ILS/DME жабдууларын долбоорлоо боюнча чыгымдар (МК пос. 255° менен)
1
¥ 11724000
¥ 11724000
ILS/DME жабдуулары боюнча жалпы (МК пос. 255° менен)
¥ 304474500
III. Атайын техникалар (аэродромдук өрт өчүрүүчү машина, аэродромдорду кышында күтүү жана аба кемелерин тейлөө үчүн атайын техникалар)
3.1
Аэродромдук өрт өчүрүүчү машина
1
¥ 50000000
¥ 50000000
3.2
Аэродромдук щёткасы менен үйлөөчү кар тазалоочу машина
2
¥ 55000000
¥ 110000000
3.3
Аэродромдук фрезер-ротордук кар тазалоочу машина
2
¥ 40000000
¥ 80000000
3.4
Аэродромдук музга каршы химиялык реагенттерди комбинацияланган бөлүштүргүч
1
¥ 50000000
¥ 50000000
3.5
Жүктөрдү жүктөгүч (Хайлоадер)
2
¥ 50000000
¥ 50000000
3.6
Өзү жүрүүчү ленталуу жүктөгүч (жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү үчүн)
2
¥ 9000000
¥ 18000000
3.7
Аба кемелерин сүйрөө үчүн аэродромдук сүйрөгүч
1
¥ 65000000
¥ 65000000
3.8
Аба кемелеринин кыймылдаткычтарынын абадан ишке киргизүүчү орнотмо
1
¥ 24000000
¥ 24000000
3.9
Аба кемелеринин дааратканаларын тейлөөчү өзү жүрүүчү атайын машина
1
¥ 26000000
¥ 26000000
3.10
Аба кемелерине суу куюучу өзү жүрүүчү атайын машина (суу менен куюучу машина)
2
¥ 22000000
¥ 44000000
3.11
Аба кемелерин жерден электр менен кубаттандыруучу аэродромдук автономдуу булак
2
¥ 10000000
¥ 20000000
3.12
Аба кемелеринин салондорун кондиционерлөө үчүн автономдуу орнотмо
2
¥ 25000000
¥ 50000000
3.13
Жүктөрдү жана контейнердик арабаларды сүйрөө үчүн электр тарткычтагы сүйрөгүч
5
¥ 9000000
¥ 45000000
3.14
Жүк ташуу үчүн атайын чиркегич арабалар
13
¥ 400000
¥ 5200000
3.15
Жүк контейнерлерин ташуу үчүн атайын чиркегич арабалар
12
¥ 400000
¥ 4800000
3.16
Атайын техникаларды монтаждоо жана ишке киргизүү боюнча чыгымдар
¥ 10000000
3.17
Атайын техникаларды долбоорлоо боюнча чыгымдар
¥ 5800000
Атайын техникалар боюнча жалпы
¥ 707800000
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтомуна…Программа · 01.03.2023 · № 999-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 662 "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын…Постановление · 28.11.2022 · № 662
- КР Министрлер Кабинетинин 28.11.2022 №662 токтомуПостановление · 28.11.2022 · № 662
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122