Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Авиациялык издөө жана куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) Текемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 25-майы № 279-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Авиациялык издөө жана куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Авиациялык издөө жана куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы 1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын (мындан ары - Конвенция) катышуучулары экендигин көңүлгө алуу менен, чектеш мамлекеттердин авиациялык издөө-куткаруу кызматтарынын ортосундагы кызматташууга тиешеси бар стандарттарды жана Жарандык авиациянын эл аралык уюму сунуштаган практиканы эске алуу менен, кырсыкка учураган адамдар үчүн тез жардамдын жашоого болгон маанисин түшүнүү менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн Конвенциянын "Издөө жана куткаруу" 12-тиркемесинин 1-главасында камтылган терминдер жана аныктамалар, ошондой эле Конвенциянын "Аба кыймылын тейлөө" 11-тиркемесинин 1-главасында көрсөтүлгөн, мааниге ээ болгон "учуудагы маалымат району" термини колдонулат. 2-берене. Авиациялык издөө-куткаруу операцияларын уюштурууну жана аткарууну Тараптар ушул Макулдашууга ылайык ишке ашырат. Авиациялык операцияларды уюштуруу жана аткаруу үчүн негиз катары Конвенциянын "Издөө жана куткаруу" 12-тиркемеси колдонулат. 3-берене.
1. Тараптар өз мамлекеттеринин чектеш аймактары менен жанаша учуудагы маалымат райондорунун ортосундагы чек араны алардын издөө жана куткаруу райондорунун ортосундагы чек ара катары карашат.
2. Ар бир Тарап өзүнүн издөө жана куткаруу районунда издөө-куткаруу кызматтарынын (мындан ары - издөө-куткаруу кызматтары) болушун камсыз кылат. Мындай кызматтар күнү-түнү кезметте турушат жана бири-бири менен байланышта болушат.
3. Ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык издөө-куткаруу кызматтарынын функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар; казакстандык Тараптан - Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфратүзүмдүк өнүктүрүү министрлиги жана Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык издөө-куткаруу кызматтарынын функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар. Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу компетенттүү органдардын өзгөрүшү жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлашат. 4-берене. Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында, ошондой эле учуудагы маалыматтын чектеш райондорунда издөө жана куткаруу боюнча чаралар тиешелүү Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 5-берене.
1. Эгерде бир Тараптын мамлекетинин издөө-куткаруу кызматы өзүнүн издөө жана куткаруу районунда авиациялык окуя же инцидент жөнүндө билдирүү алса, анда бул кызмат токтоосуз түрдө издөө жана куткаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрөт.
2. Эгерде бир Тараптын мамлекетинин издөө-куткаруу кызматында ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй кырдаалда башка Тараптын мамлекетинин издөө-куткаруу кызматынын жардамына зарылчылык пайда болсо, ал мындай жардамды сурай алат. Мындай учурда жардам сураган Тарап башка Тараптын мамлекетинин издөө-куткаруу күчтөрүнүн жана каражаттарынын өз мамлекетинин аймагына тез кирип баруусу боюнча бардык чараларды көрөт. Андан аркы чаралар эки Тараптын тең мамлекеттеринин издөө-куткаруу кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүндө кабыл алынат.
Адамдар, транспорт каражаттары мамлекеттик чек арадан өтүүдө, мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү жана башка мүлктү өткөрүүдө алардын өтүүсү Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
3. Кооптуу абалда калган кайсы болбосун адамга, бул адамдын жарандыгына же статусуна, же ал кандай жагдайларда табылгандыгына карабастан жардам көрсөтүлөт.
4. Ар бир Тарап өзүнүн издөө жана куткаруу районунда башка Тараптын мамлекетинде катталган аба кемелеринин катышуусу менен болуп өткөн бардык инциденттер жана көрүлгөн чаралар жөнүндө башка Тарапка маалымдоого милдеттенет.
5. Ар бир Тарап экинчи Тараптын мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгүн же консулдук мекемесин башка Тараптын мамлекетинин жарандарынын - тирүү калган адамдарынын куткарылгандыгы же каза болгон адамдардын табылгандыгы жөнүндө маалымдайт. Маалымат токтоосуз түрдө фамилиясын, атын, туулган датасын, үй дарегин, инсандыгын күбөлөндүрүүчү документинин реквизиттерин, ошондой эле куткарылган адамдардын ден соолугунун абалы жана турган орду же каза болгон адамдардын жаткан орду жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен (мүмкүн болушунча) менен берилет.
6-берене.
1. Тараптар өз мамлекеттеринин издөө-куткаруу кызматтарынын ортосундагы кызматташууну бекемдейт. Мындай кызматташуу өз ичине издөө жана куткаруу боюнча биргелешкен машыгууларды, мамлекеттер аралык байланыш каналдарын дайыма текшерип турууну, издөө жана куткаруу боюнча эксперттердин өз ара сапарларын, издөө-куткаруу маалыматын жана тажрыйба алмашууну камтыйт.
2. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну ишке ашыруунун тартибин өз ара макулдашат.
3. Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу маселелерин кароо жана чечүү үчүн Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары зарылдыгына жараша (бирок жылына бир жолудан кем эмес) кезеги менен Кыргыз Республикасында жана Казакстан Республикасында жолугушууларды өткөрөт.
7-берене.
1. Кырсыкка учурап жаткан же кырсыкка учураган аба кемелерине өз убагында жардам көрсөтүү үчүн кырсыкка учуроонун, ыкчамдыктын эл аралык сигналдары, издөө-куткаруу операцияларында колдонулуучу эскертүүлөр жана сигналдар иштейт.
2. Издөө-куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн арналган аба кемелеринде орнотулууга тийиш болгон техникалык каражаттардын тизмеги ар бир Тараптын мамлекеттери кабыл алуучу эрежелер менен аныкталат.
8-берене. Эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача тартип макулдашылбаса, ушул Макулдашуунун алкагында өз жоопкерчилигинин чөлкөмүндөгү издөө-куткаруу операцияларын жүзөгө ашырууда келип чыгуучу чыгымдарды Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде ар бир Тарап өз алдынча тартат. 9-берене. Ушул Макулдашуу Тараптардын ар биринин мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарды жана милдеттенмелерди козгобойт. 10-берене. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыккан Тараптардын ортосундагы ар кандай талаш-тартыштар Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын ортосундагы түздөн-түз сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Эгерде компетенттүү органдар макулдашууга келе албаса, анда талаш-тартыш дипломатиялык каналдар боюнча чечилет. 11-берене. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча анын ажырагыс бөлүктөрү болуп саналган жана өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 12-берене. Ушул Макулдашуу жана ага карата ар кандай түзөтүүлөр Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда каттоодон өтүүгө тийиш. 13-берене. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаруусу жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлама дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Макулдашуунун колдонулушу каалаган Тараптын анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча башка Тарапка кабарлоо жолу менен токтотулат. Мындай учурда бул Макулдашуу мындай кабарлама алынган датадан тартып 12 ай өткөндөн кийин колдонулушун токтотот.
______________ шаарында 20____-жылдын "_____"________________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, бирок бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп эсептелет. Тексттердин ортосунда туура келбестиктер пайда болгон учурда, орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.