# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-майы № 282-т Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-майы № 282-т Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 282-р
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18419/edition/1224859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-майы № 282-т Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" тескемеси (10.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219065

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 45-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 26-майы № 282-т Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын сапаттуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "2022-жылдын 1-майына" деген сөздөр "2022-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктунун 6-пунктчасындагы "2022-жылдын 1-майынан" деген сөздөр "2022-жылдын 31-декабрынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктунун 1-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пунктундагы "2022-жылдын 1-майына" деген сөздөр "2022-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Пилоттук долбоордун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын эксплуатациялоо тартибинде:

- 8-пунктунун 1-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 19-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзамдын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу;".

2. Бул тескеме расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. У. Жапаров
