КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2022-жылдын 25-майы № 278-т "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- бул тескемени ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- жогоруда аталган лицензияны таануу жөнүндө арызды белгиленген тартипте карасын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№
Лицензиат
Лицензия берген чет мамлекет
Лицензия берген чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы
Иштин түрү
Лицензиянын номери, берилген күнү
1
"Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети" коммерциялык эмес акционердик коому
Казакстан Республикасы
Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү жана илим чөйрөсүндө сапатты камсыз кылуу боюнча комитети
Билим берүү иши
№ KZ27LAA00019309, 2020-жылдын 19-ноябры
2
"Россия мамлекеттик социалдык университети" федералдык мамлекеттик жогорку билим берүүнүн бюджеттик билим берүү мекемеси
Россия Федерациясы
Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы
Билим берүү иши
№ Л035-00115-77/001 19907 2016-жылдын 21-марты
3
"Мамлекеттик башкаруу институту" жеке менчик жогорку билим берүү мекемеси ("МБИ" ЖЖБМ)
Россия Федерациясы
Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы
Билим берүү иши
№ 1465, № Л035-00115-77/000 97560 2015-жылдын 2-июну
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 21 августа 2025 года № 723-т (О внесении изменений в распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 25 мая 2022 года № 278-р)Распоряжение · 21.08.2025 · № 723-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-майындагы № 278-т тескемесине…Распоряжение · 22.05.2024 · № 258-р
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.