# КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 16-майындагы № 128 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 16-майындагы № 128 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219062>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18417/edition/1160960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219062.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 16-майындагы № 128 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (16.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219062

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН Администрациясынын Жетекчисинин ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 16-майы № 128 Мамлекеттик маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле кызматтык мүнөздөгү маселелерди ачыкка чыгаруу тобокелдиктерин болтурбоо максатында: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде: төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын: "41. Мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларынын долбоорлорун даярдоодо мессенджерлерди пайдалануу менен кызматтык мүнөздөгү маселелерди талкуулоого тыюу салынат.".

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

А.У. Жапаров
