Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН Администрациясынын Жетекчисинин ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 16-майы № 128 Мамлекеттик маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле кызматтык мүнөздөгү маселелерди ачыкка чыгаруу тобокелдиктерин болтурбоо максатында: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде: төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын: "41. Мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларынын долбоорлорун даярдоодо мессенджерлерди пайдалануу менен кызматтык мүнөздөгү маселелерди талкуулоого тыюу салынат.".
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.