# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы №267-т (Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы №267-т (Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 267-р
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219059>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18414/edition/1252249/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219059.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы №267-т (Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219059

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 20-майы № 267-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 38-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору - Кеңештин катчысы. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча); Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
