Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин Азия чемпионатын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамыны бекитүү жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 30-апрели № 235-т 2022-жылдын 19-24-майында Ош шаарында "Алыш" белбоо күрөшү жана казак күрөшү боюнча Азия чемпионатын (мындан ары - Азия чемпионаты) сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Азия чемпионатын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2022-жылга каралган каражаттардын алкагында Азия чемпионатын өткөрүүгө финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү караштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте Азия чемпионатынын катышуучуларын медициналык жактан тейлөөнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Азия чемпионаты өтүүчү жана анын катышуучулары жашаган жерлерде коомдук тартипти коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан алдын ала берилген расмий өтүнүч каттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрыңдагы № 839 токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобого ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражат албастан Азия чемпионатына катышкан чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын визасын тариздөөнү жана визалык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Азия чемпионатынын катышуучуларынын, расмий адамдарынын жана ардактуу меймандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз компетенциясынын чегинде чараларды көрсүн, Азия чемпионатына катышкан чет өлкөлүк жарандардын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын, аларга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам өтүүгө көмөк көрсөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу жана даярдоо чараларын көрсүн.
9. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясына Азия чемпионатына даярдык көрүүнүн, аны өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдыруу;
- "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна ардактуу меймандарды - делегаттарды "Манас-2" аэропортунун расмий делегациялар залы аркылуу тосуп алууну акысыз негизде уюштурууга көмөк көрсөтүү;
- Ош шаарынын мэриясына А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионду акысыз негизде берүү жана Азия чемпионатын өткөрүүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Азия чемпионатынын символикаларын Ош шаарынын көчөлөрүндөгү жарнамалык такталарга жайгаштырууга жана техникалык камсыздоого көмөк көрсөтүү.
10. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А. У. Жапаров
Тиркеме
"Алыш" белбоо күрөшү жана казак күрөшү боюнча Азия чемпионатын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри - уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору; "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Бүткүл дүйнөлүк "Алыш" белбоо күрөшү федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 839
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.