# КР Президентинин 2022-жылдын 27 апрелиндеги №64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 Жарлыгын ишке ашыруу максатында иш-чаралар планын иштеп чыгууну жөнүндө " тескемеси

- Толук аталышы: КР Президентинин 2022-жылдын 27 апрелиндеги №64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 Жарлыгын ишке ашыруу максатында иш-чаралар планын иштеп чыгууну жөнүндө " тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18411/edition/1163585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2022-жылдын 27 апрелиндеги №64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 Жарлыгын ишке ашыруу максатында иш-чаралар планын иштеп чыгууну жөнүндө " тескемеси (27.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219051

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 27-апрели ПТ № 64 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - Иш-чаралар планы) иштеп чыгууну жана анын ишке ашырылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Ч.Абыкеевге жүктөйм.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү ушул тескеменин 1-пунктун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Ч.Абыкеевге көмөк көрсөтсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
