Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Уюштуруу комитетинин курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 31-майы № 304-т Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун чыңдоо, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды курууга жеке инвестицияларга дем берүү, Камбарата ГЭС-1ди куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жөнүндө" чечимине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Камбарата ГЭС-1ди куруу, ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемегм ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- Камбарата ГЭС-1ди куруу, ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү долбоору боюнча кызматташуу мүмкүндүгү жөнүндө потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдесин;
- жыйынтыгы боюнча каржылоо булактарын аныктоо менен тиешелүү иш-чаралар планын (жол картасын) иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин.
3. Уюштуруу комитетине аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу укугу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору уюштуруу комитетинин ишине көмөк көрсөтсүн, зарыл болгон документтерди, маалыматтарды өз убагында берсин.
5. Уюштуруу комитетин уюштуруучулук жана методикалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
Камбарата ГЭС-1ди куруу, ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Торобаев Бакыт Эргешевич
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Бекмурзаев Доскул Джумагулович
-
Кыргыз Республикасынын энергетика министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Бакетаев Алмаз Кушбекович
-
Кыргыз Республикасынын финансы министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Амангельдиев Данияр Джолдошевич
-
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович
-
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кутманова Динара Асиевна
-
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Сабиров Равшан Азатович
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
Джунушалиев Айбек Джанышбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
Эргешов Алтынбек Калдарович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Айталиев Тилек Анаркулович
-
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Омуралиев Эрмек Социалович
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директору;
Толубаев Таалайбек Матмусаевич
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
Талканбаев Батырбек Зарылбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Чудинов Игорь Витальевич
-
көз карандысыз эксперт;
Чынгышев Турсунбек Чынгышевич
-
көз карандысыз эксперт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122