# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 242-т (Электрбустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн сатып алуу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 242-т (Электрбустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн сатып алуу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 242-р
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219043>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18403/edition/1165972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219043.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 242-т (Электрбустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн сатып алуу тууралуу) тескемеси (30.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219043

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 30-апрели № 242-т Экологиялык таза шаардык коомдук транспортту ишке киргизүү аркылуу Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарларында экологиялык абалды жакшыртуу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Каракол, Нарын, Жалал-Абад шаарларынын мэриялары:

1) республикалык бюджеттен бюджеттик кредитти берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өтүнмөлөрдү берсин;

2) электрбустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн төмөнкүдөй санда сатып алууга "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тендер өткөрсүн:

- Каракол шаарынын мэриясы - 5 бирдик;

- Нарын шаарынын мэриясы - 5 бирдик;

- Жалал-Абад шаарынын мэриясы - 10 бирдик.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Каракол, Нарын, Жалал-Абад шаарларынын мэрияларына алардын өтүнмөлөрүнүн негизинде төмөнкүдөй шарттарда бюджеттик кредит берсин:

- максаттуу багыты - электрбустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн сатып алуу;

- пайыздык ставка - бюджеттик кредиттин финансылык каражаттары которулган күндөн тартып эсептелүүчү жылдык 4,0 пайыз;

- финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздын суммасына эсептелүүчү жылдык 8,0 пайыз;

- кайтаруу мөөнөтү - ар бир транш үчүн 7 жыл;

- карыздын негизги суммасын төлөөгө жеңилдетилген мөөнөт - 1 жыл;

- пайыздарды төлөөнүн башталышы - квартал сайын, ар бир кварталдын акыркы айынын 15инде;

- негизги сумманы төлөө - жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин квартал сайын, ар бир кварталдын акыркы айынын 15инде;

- күрөөлүк камсыздоо менен.

3. Каракол, Нарын, Жалал-Абад шаарларынын мэрияларына бөлүнгөн бюджеттик кредиттерди ушул тескеменин 2-пунктуна ылайык максаттуу багыты боюнча пайдалануу сунушталсын.

4. Сатып алынуучу техникаларды камсыздандыруу Каракол, Нарын жана Жалал-Абад шаарларынын мэриялары тарабынан милдеттүү түрдө жүргүзүлөрү белгиленсин.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
