Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 30-апрели № 241-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемеси менен бекитилген 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында санариптик экономикага каралган 59 997 827 (элүү тогуз миллион тогуз жүз токсон жети миң сегиз жүз жыйырма жети) сом өлчөмүндөгү финансылык каражаттарды бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджета жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын;
2) ушул тескеменин тиркемесинде каралган иш-чараларды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
3. Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн министрликтер жана ведомстволор:
Г) ушул теекемеге ылайык бөлүнгөн финансылык каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылсын;
өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизилгенден кийин иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык системаларды/модулдарды балансына алсын; квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейинки мөөнөттө ушул тескеменин аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасыныы Санариптик өнүктүрүү министрлигине жиберсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
«Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында санариптик экономикага каралган финансылык каражаттарды бөлүштүрүү
№
Долбоордун/иш-чаранын аталышы
Каржылоо-нун суммасы (сом)
Финамсылык каражаттарды алуучу
1.
Электрондук даректердин бирдиктүү стандартын пайдалануу менен аткаруу бийлигинин органдарында бирдиктүү электрондук почта системасын киргизүү
40 994 800
Кыргыз Республикасыиын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
2.
Кыргыз Республикасыиын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын ички инфратүзүмүн (локалдык тармакты) түзүү
2 661 010
Кыргыз Республикасыиын Юстиция министрлиги
3.
«Ветеринардык объекттерди электрондук лицензиялоо» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу
4 000 000
Кыргыз Республикасыиын Айыл чарба министрлиги
4.
Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө маалыматтык системасынын базасында малдан алынган тамак-аш продуктуларына байкоо жүргүзүү маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
7 250 000
5.
«e-i<yzmat» автоматташтырылгaн маалыматтык системасынын «Кызматчынын электрондук жеке кабинети» модулун иштеп чыгуу
2 320 665
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги
6.
«e-кyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасынын «Электрондук эмгек китепчеси» модулунун программалык камсыздоосун иштеп чыгуу
2 771 352
Бардыгы:
59 997 827
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т (2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча…Распоряжение · 12.01.2022 · № 2-р · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон