# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-майындагы № 260-т "2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин алмашуу ноталарынын тиркелген долбоорлорун жактыруу тууралуу" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-майындагы № 260-т "2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин алмашуу ноталарынын тиркелген долбоорлорун жактыруу тууралуу" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 260-р
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18393/edition/1159873/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219031.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-майындагы № 260-т "2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин алмашуу ноталарынын тиркелген долбоорлорун жактыруу тууралуу" тескемеси (19.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219031

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 19-майы № 260-т "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын жарандарынын - дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлеринин өз ара жүрүү географиясын кеңейтүү максатында:

1. 2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин алмашуу ноталарынын тиркелген долбоорлору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эмират тарапка Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алмашуу нотасын жиберсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигине урматын билдирет жана 2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун 11-беренесинин 1-пунктуна шилтеме келтирип, Меморандумга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт:

- Меморандумдун аталышы "дипломатиялык" деген сөздөн кийин үтүр менен ", кызматтык/атайын" деген сөздөр менен толукталсын;

- Меморандумдун преамбуласынын үчүнчү абзацы "дипломатиялык" деген сөздөн кийин үтүр менен ", кызматтык/атайын" деген сөздөр менен толукталсын;

- Меморандумдун 1-беренесинин а) жана b) пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(а) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн: алты айдан кем эмес жарактуу мөөнөтү бар Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломатиялык жана кызматтык паспорту;

БИРИККЕН АРАБ ЭМИРАТТАРЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК МИНИСТРЛИГИНЕ Абу-Даби ш.

(b) Бириккен Араб Эмираттарынын жарандары үчүн: алты айдан кем эмес жарактуу мөөнөтү бар Бириккен Араб Эмираттарынын жаранынын дипломатиялык жана атайын паспорту.". Эгерде жогоруда аталган өзгөртүүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү үчүн алгылыктуу болсо, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Меморандумдун 12-беренесине ылайык күчүнө кирген Меморандумга өзгөртүүлөр катары эмират тараптын жооп нотасы менен чогуу ушул нотаны кароону сунуштайт. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги учурдан пайдаланып, Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигине өзүнүн урматын билдирет.

Бишкек, 2022-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
