# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 140-т "Бюджеттик каражаттарды натыйжапуу пайдалануу, билим берүү мекемелеринин объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоого берүү маселелерин оперативдүү чечүү жолу менен Бишкек шаарынын билим берүү мекемелериндеги ашыкча толуу көйгөйлөрүн чечүү максатында"

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 140-т "Бюджеттик каражаттарды натыйжапуу пайдалануу, билим берүү мекемелеринин объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоого берүү маселелерин оперативдүү чечүү жолу менен Бишкек шаарынын билим берүү мекемелериндеги ашыкча толуу көйгөйлөрүн чечүү максатында"
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 140-р
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219022>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18387/edition/1169355/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219022.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 140-т "Бюджеттик каражаттарды натыйжапуу пайдалануу, билим берүү мекемелеринин объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоого берүү маселелерин оперативдүү чечүү жолу менен Бишкек шаарынын билим берүү мекемелериндеги ашыкча толуу көйгөйлөрүн чечүү максатында" (24.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219022

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 24-марты № 140-т Бюджеттик каражаттарды натыйжапуу пайдалануу, билим берүү мекемелеринин объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоого берүү маселелерин оперативдүү чечүү жолу менен Бишкек шаарынын билим берүү мекемелериндеги ашыкча толуу көйгөйлөрүн чечүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Экспресс-Строй КГ" жоопкерчилиги чектелген коому Бишкек шаарынын аймагында республикалык бюджеттен каржылануучу билим берүү мекемелеринин тиркемеге ылайык объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоого берүү боюнча жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрду берүүчү (подрядчы) болуп аныкталсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) "Экспресс-Строй КГ" жоопкерчилиги чектелген коомунан Бишкек шаарынын аймагында билим берүү мекемелеринин объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоого берүү боюнча жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган баалар боюнча жүзөгө ашырсын.

3. "Экспресс-Строй КГ" жоопкерчилиги чектелген коомуна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга сарпталган акча каражаттарын жана башка чыгымдарды Бишкек шаарынын бюджетине компенсациялоо жүргүзүү сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Экспресс-Строй КГ" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан чыгарылган курулуш материалдарын сертификациялоону жүргүзсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын мэриясына ушул тескемени ишке ашыруу боюнча зарыл болгон көмөк көрсөтсүн.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров

Тиркеме Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин долбоорлонууга, курулууга жана эксплуатацияга берилүүгө тийиш, республикалык бюджеттен каржылануучу, "Экспресс-Строй КГ" жооперчилиги чектелген коому берүүчү (подрядчы) болуп аныкталган объекттеринин тизмеги

№

Объекттин аталышы

Пландык кубаттуулугу, окуучу. орун

1

"Ак-Босого" конушунда жалпы билим берүү мектебин куруу

660

2

"Көлмө" конушунда № 78 мектеп-гимназиясына курулмаларды куруу

380

3

Эркиндик бульвары, 20 дарегиндеги И.В. Панфилов атындагы № 6 автордук окутуу-тарбиялоо комплексинин окуу корпусун куруу

150

4

Логвиненко көчөсү, 157 дарегиндеги № 35 жалпы орто билим берүү мектебине курулмаларды куруу

спортзал

5

Кахов көчөсү, 7 дарегиндеги № 40 жалпы орто билим берүү мектебине курулмаларды куруу

500

6

7-кичи району, 5а-үй дарегиндеги № 20 мектеп гимназиясынын окуу-тарбиялоо комплексине курулмаларды куруу

500

7

Тунгуч кичи району, 17 дарегиндеги № 73 жалпы орто билим берүү мектебине курулмаларды куруу

525

8

Баялинов көчөсү, 127 дарегиндеги № 75 жалпы орто билим берүү мектеп лицейине курулмаларды куруу

550

9

Жал-29 кичи району дарегинде Бала бакча куруу

140
