# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 229-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 229-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 229-р
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219011>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18379/edition/1157800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219011.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 229-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" тескемеси (28.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219011

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 28-апрели № 229-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13. 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча 2021-жылы бөлүнгөн бюджеттик кредиттер алынбай калгандыгына байланыштуу 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун калган 14 ишкердик субъектине республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 2 800 000 (эки миллион сегиз жүз миң) сом суммасында бюджеттик кредит бөлүп берсин;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун 1 -пунктчасында белгиленген шарттарда Баткен облусунун 14 ишкердик субъекти менен кредиттик келишимдерди түзсүн;

3) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары

А.О.Кожошев
