# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 230-т "Салык кызматынын органдарынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу, материалдык-техникалык базасын бекемдөө. тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, салыктык инфратүзүмдү колдоо жана жаңылоо максатында" Тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 230-т "Салык кызматынын органдарынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу, материалдык-техникалык базасын бекемдөө. тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, салыктык инфратүзүмдү колдоо жана жаңылоо максатында" Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 230-р
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219010>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18378/edition/1157796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219010.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 230-т "Салык кызматынын органдарынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу, материалдык-техникалык базасын бекемдөө. тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, салыктык инфратүзүмдү колдоо жана жаңылоо максатында" Тескемеси (28.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219010

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 28-апрели № 230-т Салык кызматынын органдарынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу, материалдык-техникалык базасын бекемдөө. тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, салыктык инфратүзүмдү колдоо жана жаңылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-берснесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренслерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына салык кызматынын органдарын күтүүгө жана ишин уюштурууга 504 281 000 (беш жүз төрт миллион эки жүз сексен бир миң) сом бөлүп берсин, анын ичинде:

- "Ак-Тилек", "Чалдовар", "Чоң-Капка" товарларды эсепке алуу пункттарынын, "Сосновка'' өткөрмө пунктунун, Салмак-габариттик контролдоо динамикалык системасынын станцияларынын ишин уюштуруу үчүн 8 027 000 (сегиз миллион жыйырма жети миң) сом;

- Бишкек шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборунун иштеши үчүн 7 254 000 (жети миллион эки жүз элүү төрт миң) сом;

- кредиттик карыздарды төлөөгө жана салык инфратүзүмүн күтүүгө 52 700 000 (элүү эки миллион жети жүз миң) сом;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык жактан камсыздоо фонду үчүн 436 300 000 (төрт жүз отуз алты миллион үч жүз миң) сом;

2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары

А.О.Кожошев
