# КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 224-т (Автотранспорттук каражатты өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 224-т (Автотранспорттук каражатты өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 224-р
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219007>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18375/edition/1168801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219007.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 224-т (Автотранспорттук каражатты өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси (26.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219007

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 26-апрели № 224-т Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин арызынын негизинде белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна "NISSAN PATHFINDER" маркасындагы, 2008-жылы чыгарылган, кузовунун № VSKJLWR51Z0330154, кыймылдаткычынын көлөмү 3954 см3, ак түстөгү автотранспорт каражатын жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
