# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 220-т "«Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106, 115-беренелерине ылайык" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 220-т "«Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106, 115-беренелерине ылайык" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 220-р
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219005>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18373/edition/1155010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219005.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 220-т "«Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106, 115-беренелерине ылайык" тескемеси (26.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219005

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 26-апрели № 220-т «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106, 115-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык тез жардам автомашинасын сатып алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүруүнүн жана транспорт каражаттарын зксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык бөлүнгөн 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын калдыктарынын эсебинен 169 347 500 (бир жүз алтымыш тогуз миллион үч жүз кырк жети миң беш жүз) сом бөлүп берсин;

2) «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда бул түзөтүүнү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров
