Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 19-апрели № 215-т "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары
А.О. Кожошев
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-апрелиндеги № 215-т тескемеси менен жактырылган
2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ 2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет. Макулдашуу мурда 2022-жылдын 16-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (2022-жылдын 16-мартындагы № 6-1436и/22 кат), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети (2022-жылдын 29-мартындагы № 6-1731и/22 кат) тарабынан жактырылган. Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-мартындагы № 162-т тескемеси менен жактырылган. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит Кыргыз Республикасынын бюджетин колдоого, анын ичинде республиканын экономика секторун колдоого жумшалат:
- туризм тармагын өбөлгөлөө максатында Туризмди өнүктүрүү фондун каржылоого;
- Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүү жана колдоо максатында "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомун каржылоого;
- Ишкердикти колдоо фондун каржылоого (чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүү);
- энергетика секторун колдоо жана суу чарба объекттерин жакшыртуу үчүн бюджеттик кредит берүүгө.
Бул иш-чараларды каржылоо республиканын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизе тургандыгын белгилеп кетүү керек, келечекте бул тартылган каражаттарды кайтарып берүү үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнө мультипликативдик натыйжа берет жана таасирин тийгизет. Көрсөтүлгөн Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына эки транш менен 160 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кредит берилет (экинчи транш - 80 млн. АКШ доллары, үчүнчү транш - 80 млн. АКШ доллары). "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилүүдө. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-мартындагы № 162-р (Кыргыз Республикасы менен Евразия өтнүктүрүү банкынын ортосунда Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун…Распоряжение · 31.03.2022 · № 162-р
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон