# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-апрели № 216-т "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-апрели № 216-т "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 216-р
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18370/edition/1180009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-апрели № 216-т "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" тескемеси (21.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 21-апрели № 216-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 63 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын пайдалануу тартибинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, 241-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Топтолгон финансылык резервдер" 2829-беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Президентинин фондуна 500 000 000,0 (беш жүз миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берсин;

2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары

А.О. Кожошев
